Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Карим Бензема дагы оюн талаасына чыгышы мүмкүн

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Карим Бензема дагы оюн талаасына чыгышы мүмкүн. “Реал Мадрид” клубу форвардына оюн талаасына чыгууга уруксат берди.

 

Эми ал финалдык беттеште курамага кошулушу толук мүмкүн. Франция жеңишке жетсе, Бензема дагы алтын медалга ээ болот, анткени ал алган жараатына карабай, команданын курамында калтырылган.

 

Дидье Дешамдын тарбиялануучулары түндө Мароккону 2:0 эсебинде утуп, финалда Аргентина менен кубок үчүн топ талашат.