Балыкчы-Кочкор темир жол тилкесинде байыркы коргондор табылды

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуп жаткан тилкесинде, тактап айтканда, Боз-Бармак тоо кыркалары аркылуу жер астындагы трассанын өтүүсүн долбоорлоодо оюк түрүндөгү байыркы коргондор табылган.

Табылган коргондор Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан археологиянын эстеликтер жана тарыхый-маданий мурас объекттери катары аныкталган.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы аталган объектилерди сактоо режимин камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алып, андан ары археологдор менен дөбөлөрдүн абалын аныктоону талкуулап, аларды казуу жана кайра көмүүнү каржылоо чечимин кабыл алды.

Учурда тиешелүү адистер менен келишим түзүлүп, алар курулуп жаткан темир жолдун эки тарабындагы скифтердин болжолдуу байыркы коргондорун казуу иштерин башташты.

Казуу иштери Боз-Бармак тоо массивинде ПК 37+60 жана ПК43+00 тилкесинде узундугу 540 метр болгон участокто жүрүп жатат.

Иштер эки айга созулат.