Бишкектеги муниципалдык коомдук унааларда жол кирени эми QR-код аркылуу төлөсө болот.
Мэриядан билдиришкендей, жол акысын төлөө үчүн смартфонго “Тулпар” тиркемесин көчүрүп,
+ белгисин басып, QR-кодду сканерлеп же транспорттун кире беришиндеги кодду терүү керек.
Төлөм кабыл алынганын “жүрүүнүн тарыхы” бөлүмүнөн көрсө болот. Мындай жаңычылдык
азырынча №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустарда жана №38-автобуста жеткиликтүү.