Кыргызстанда төлөм карталарын колдонуу боюнча биринчи орунда Бишкек турат,
колдонуучуларга 1 миллион 200 миң туура келет. Андан кийин 460 миң колдонуучу менен
Ош жайгашат. Үчүнчүдө Жалал-Абад, анда 407 миң, — деп билдирет Улуттук статистика комитети.
Жалпысынан өлкө боюнча 2019-жылдын аягында карталардын саны 3 миллионду түзгөн.
Аларды тейлеген банкоматтардын саны 1 миң 700. Белгилеп кетсек,
учурда республикада айлыктар жана пенсиялар банктык карта аркылуу берилип келет.