Пенсияга топтолгон каражатын 500дөн ашуун кыргызстандык пайдаланды

Пенсияга топтолгон каражатын 500дөн ашуун кыргызстандык пайдаланды.

Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Ал эске салгандай, эми жарандар карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөөдө пенсия үчүн чогулган акчасын колдоно алышат.

Ал үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде 50 миң сомдон кем эмес сумма болууга тийиш.

Акчаны пенсиялык топтоосу бар жумушсуздар да пайдаланса болот.

Алар бул каражатты жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.