Ысык-Көл облусунда казино жана оюн-зоок клубдарын ачуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Планга ылайык, 1 миңден ашык гектар жер мейманкана жана казионо ачуу алдына бөлүнөт.
Долбоор боюнча, кумар оюндары ошол аймактан сырткары чыгарылбайт жана ага Кыргызстан жарандары киргизилбейт. Эске салсак, биздин өлкөдө 2012-жылдын 1-январында казино жана оюн-зоок клубдарын иштетүүгө тыюу салынган.