Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга жакындады

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун 8-апрелге карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда кызамык (корь) жуктургандардын саны 7 864 адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында.

 

Мекеме оорунун жайылышына кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткандар негизге себеп болуп жатканын билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров ата-энелерге балдардын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

 

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да саналуу болчу. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен улам 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, кескин көбөйүп кеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

 

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандар кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жылдын башында кайрадан башталган.

 

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

 

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген.

 

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө