Балыкчыда медициналык комплекс пайда болот.
Көп тармактуу клиника-диагностикалык медициналык мекеменин
курулушуна капсула салуу аземи болду. Анын жүрүшүндө жергиликтүү
тургундарга комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Долбоордун болжолдуу
сметалык наркы – 18 миллион сомду түзөт. Каражатты меценат бөлүп берет.