Балыкчыда Төлөмүш Океев атындагы көчө оңдолот

Балыкчыда Төлөмүш Океев атындагы көчө оңдолот. Каражатты Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду бөлүп берет. Эки чийиндүү жолдун катмарын жаңыртуу, тротуарларды, аялдамаларды куруу жана көчө жарыгын орнотуу 105,5 миллион сомго айланат.

 

Көчөнүн жалпы узундугу 4 чакырымды түзөт. Ремонт иштери жакынкы арада башталат, — дешти фонддон.