Боршайком парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алууну токтотту

Боршайком парламенттик шайлоолорго катышууну каалаган партиялардан документтерди кабыл алууну токтотту.

 

Арыздарын 44 саясий партия тапшырды. 20-августка чейин партиялар съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тапшырышы керек. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чаралардын бардыгын онлайн форматта өткөрүү пландалууда.

 

Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт. Эске салсак,   2010-жылы парламенттик шайлоолорго 29 партия, 2015-жылы 14 партия катышкан.