Медициналык жогорку окуу жайларда гранттык орундар көбөйөт

Медициналык жогорку окуу жайларда гранттык орундар көбөйөт. Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда жаңы медициналык объектилер курулуп, эскилери оңдолууда.

 

Кадрлардын жетишсиздигин эске алып, медициналык жогорку окуу жайларында гранттык орундарды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

 

Саламаттыкты сактоо системасын башкаруунун, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү өзгөрүүнүн негизги максаты болот, — деди Жээнбеков.