Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн жабдуу жана шаймандар жетишсиз

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн жабдуу жана шаймандар жетишсиз.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, стандартка ылайык, 39 позиция боюнча медицина жабдуулары жана шаймандар керектелет.

Бүгүнкү күндө алардын 23ү жетишсиз. Алар оксигенатор жана жасалма дем алдыруучу же ИВЛ аппараттар, — деди Каратаев.