Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.
Документ коомдук талкууга чыгарылды. Анда белгиленген номурга жарандар өздөрүнүн
сын-пикирлерин жана сунуштарын 9-мартка чейин билдирсе болот. Буга чейин коомдук талкуу
Конституциялык жыйындын алкагында өткөндүктөн башкы мыйзамдын долбоору
жөн гана таанышуу үчүн чыгарылары айтылган. Парламенттин мындай
позициясы коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.