Сооронбай Жээнбеков жаңы премьер-министрдин кызматка легитимдүү бекитилишине күмөн санады

Сооронбай Жээнбеков жаңы премьер-министрдин кызматка легитимдүү бекитилишине күмөн санады.

 

Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугуп, Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди.

 

Президент белгилегендей, өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн бардык чечимдер мыйзам түрүндө гана жасалып, күмөн салдырбашы керек. Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков парламентке кайрылып, премьер-министрди мыйзам чегинде кайра дайындоону сунуштайт.