Жалал-Абад облусунда токой чарбачылыгынын директору кармалды

Жалал-Абад облусунда токой чарбачылыгынын директору кармалды.

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жооптуу жактар 2 миллион сомго өрткө каршы жана токой иштерин аткарууга тендер өткөрүшкөн.

 

Жеңүүчүлөр деп эки компания аныкталган. Ал эми иш жүзүндө токой чарбачылыгынын кызматкерлери бардык жумуштарды өздөрү аткарышкан. Учурга карата сотко чейин өндүрүш жүрүп жатат.