Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы

Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетилди.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, милиция башчысы

кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенип жатат.

Эске салсак, 7-декабрда Ысык-Ата районунда жеңил машине айдап бараткан Чойбеков

жүк ташуучу унаа менен бетме-бет абалда кагышкан.

Экинчи айдоочу оор абалда Кант шаардык бейтапканасына жаткырылды.