Медет Бейшенкулов Улуттук кардиология жана терапия борборунун
директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-ноябрда, саламаттык сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев жаңы жетекчини эмгек жамаатына тааныштырган.
Бейшенкулов буга чейин аталган борбордун реанимация бөлүмүн жетектеп турган.
Министрликтин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, министрлер кабинетинин
2021-жылдын 29-ноябрындагы буйругуна ылайык, Акпай Сарыбаев Улуттук
кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулган.