Эми өкмөт аппаратынын кызматкерлери коронавирус жугуу коркунучу бар өлкөлөргө чыкпайт

Эми өкмөттүн аппарат, министрлик жана ведомстволордун

кызматкерлери коронавирус жугуу коркунучу бар өлкөлөргө чыкпайт.

Тиешелүү буйрукту премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев берди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой мындан ары чет жерге чыгуу мүмкүнчүлүгү

маанилүү республикалык деңгээлдеги иш-чараларга гана  катышууга

уруксаат берилет. Барчу өлкөлөр эпидемиалогиялык абалына жараша тандалат.