Ысык-Көл облусунда бет кап тагынуу режими күчөтүлдү

Ысык-Көл облусунда бет кап тагынуу режими күчөтүлдү.

Тиешелүү чечим облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, жарандар эми коомдук унааларда, эл топтолгон жерлерде жана

базарларда коргонуу каражаттарын тагынышы керек. Ошондой эле, коомдук унаалардын

айдоочулары да талапты аткарышы шарт. Мындан тышкары, тиешелүү орган жетекчилерине

санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алууну күчөтүү тапшырмасы берилди.