Коронавирустан вакцинаны жарандар каалаган эмдөө түйүнүнөн ала берет

Medicine and health care concept Doctor giving patient vaccine insulin or vaccination

Коронавирустан вакцинаны жарандар каалаган эмдөө түйүнүнөн ала берет. Жашаган же катталган жери маанилүү эмес, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

 

Ведомстводон белгилешкендей, вакцина 18 жаштан жогорку жарандарга гана жасалат. Эмделе турган адамдын жанында паспорту болушу зарыл. Эске салсак, өлкөдө коронавирустан эмдөө үчүн 88 убактылуу түйүн ачылды. Алар таңкы саат 8ден кечки 5ке чейин иштейт.