Чүй-Ысык-Көл жолундагы кыймыл убактылуу чектелет

19-21-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйынына байланыштуу Чүй-Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарындагы жолдорго чектөө киргизилет.

 

Бул тууралуу Жол коопсуздугунун кыймылын камсыз кылуу башкы башкармалыгы маалымдады.

 

Башкармалыктын маалыматына ылайык, коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаары боюнча жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө коюлат.

 

19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстандын өкмөт башчылары катышат.