«Өлбөс полк онлайн» акциясына 600 миң адам катталды

«Өлбөс полк онлайн» акциясына 600 миңден ашык адам катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Өлбөс полк онлайн» виртуалдык жүрүшүнө каттоо бир апта мурда башталган. Күн өткөн сайын катышуучулардын саны көбөйүп, бүгүн 600 миңден ашты”, — деп айтылат кабарда.

 

Акцияга бул жылы согуш ардагеринин сүрөтү сакталбай калган каалоочулар дагы катыша алат. Анкета толтуруп жатканда “сүрөтү” деген жерди бош калтырып кетсе болот. Ошондой эле катышуучу ардагерге кандайча тууган экенин жана билбеген учурда анын туулган, өлгөн жылдарын жазбай коюуга уруксат берилген.

«Өлбөс полк онлайн» виртуалдык жүрүшүнө бул шилтемелерге кирип катталса болот: https://2020.polkrf.ru/https://ok.ru/app/immortal-regimenthttps://vk.com/polk_apphttps://sber9may.ru/.