Баткен облусунда Калкты тейлөө борборунун иштөө мөөнөтү узартылды.
Бул кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан улам ар кандай документтерин жоготкон
жарандардын маселесин чечүү максатында, — дешти өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн.
Мекеме бүгүнтөн тартып эртең мененки 8ден кечки саат 7ге чейин жарандардан документтерди кабыл алат.
Ошондой эле борборлорго убактылуу кошумча кызматкерлер тартылды.