Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылышы мүмкүн

Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылышы мүмкүн.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аймактан 27 арыз келип түштү. Артыкчылык алыскы жана чек арага жакын жайгашкан райондорго берилет.

 

Тизме такталгандан кийин курулуш жана оңдоо иштери башталат. Ведомстводон белгилешкендей, бала бакчалардагы программа балдарды окутууга жана өнүктүрүүгө багытталат. Кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемелери 3 саат иштейт. Мындай иш тартиби натыйжалуу болуп, чоң чыгашаларды талап кылбайт.