Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, аймакта карантинге байланыштуу көптөгөн объектилердин курулушу убактылуу токтотулган.

 

Учурда алар кайра акырындык менен жанданууда. Күтүлгөндөй, Алайда 4 бала бакча ушул сентябрда бөбөктөрдү кабыл ала баштайт.