Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи айлампасы жүрүп жатат. Өтүнмөлөр 27-августка чейин кабыл алына турганын Билим берүү министрлиги эскетет.

 

Пандемияга байланыштуу кабыл алуу 2020.edu.gov.kg сайтында онлайн өткөрүлүүдө. Бул сайтта Жалпы республикалык тесттин сертификатынын талондорун эсептөө, окууга өтө турган улан-кыздардын рейтинг тизмесин түзүү жана бөлүштүрүү толугу менен автоматташтырылган.