Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери жөнөтүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Китептер бүгүн, 24-январда, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерине тапшырылган.
«Этникалык кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50 даана «Мекен таануу», 40 даана «Математика», кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 аталыштагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.