Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендер 3-июлга чейин тапшырылат. БШКнын маалыматына ылайык, текст 28-июнга чейин бекитилет.
Ал эми тилкелерге бюллетендер 9-июлга чейин жеткирилиши шарт. БШКдан эскертишкендей, эгер партиялар бюллетендердин тексти бекитилгенден кийин саясий жарыштан чыкса, анда күрөө акысы кайтарылбайт.
Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин шайлоо 11-июлга белгиленди. 3 калаада 33 партия ат салышат.