Баткен облусундагы кирпич заводу ишке киргизилет.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча
кезектеги долбоорду жактырды. Бул тууралуу фонддун төрагасы
Артем Новиков билдирди. Анын айтымында кирпич заводу жаңыланат жана
кеңейтилет. Оңдоп-түзөө иштери фонддун эсебинен аткарылат. Өндүрүштүн
ишке кириши менен жылына 8 миллион кирпич чыгарууга жана
жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.