Баткен облусунда өрүк майын чыгаруу боюнча цех ачылды

Баткен облусунда өрүк майын чыгаруу боюнча цех ачылды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, объект Кара-Бак айылында жайгашкан. Долбоор Япония өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашты.

 

“Азык-түлүк үчүн эмгек” программасынын алкагында аймакта коомдук иштерге 25 миңден ашык жаран тартылды. Жыйынтыгында алар 100 килограммдан ун жана 10 литрден суу май алышты.