Июнь жана июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдарды уюштуруу пландалууда

Июнь жана июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдарды уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинин сайтында жазылды.

 

Ведомстводон билдиришкендей, учурда каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр Росавиация жана авиакомпаниялар менен жүргүзүлүп жатат.

 

Кошумчалап кетсек, мекенине кайтууга жардам берүү суранычы менен 5 миңден ашык кыргызстандык кайрылган.