“Сокулук-Бишкек-1” темир жолу аркылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилди

“Сокулук-Бишкек-1” темир жолу аркылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Жол бүгүн кечки саат 5ке чейин жабык болот. Чектөөлөр Алыкулов көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Тыгындарды жаратпоо максатында унаалар Садыгалиев көчөсү аркылуу өткөрүлүп жатат.