Кыргызстанда энергетика тармагын каржылоого жана кышка даярдык көрүүгө 15 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражаттын басымдуусу – электр энергиясынын импортуна, Бишкек, Ош ЖЭБдерине көмүр сатып алууга жана Камбар-Ата-1, Бала-Саруу ГЭСтеринин курулушуна багытталган.
Андан тышкары, акча бюджеттик уюмдарга көмүр сатып алууга, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрүн жабууга жана алыскы райондордун тургундарына электр энергиясынын 50 пайыз жеңилдик берүүгө бөлүнгөн.