Кыргызстан аэропортторунда вирусологиялык лабораториялар ачылат

Кыргызстан аэропортторунда вирусологиялык лабораториялар ачылат. Ооруларды алдын алуу департаментинен билдиришкендей, алгач алар “Манас”, Ош жана Тамчы эл аралык аба майдандарынын аймагында пайда болот.

 

Аларда ПЦР-тесттин баасы жеке лабораториялардыкына салыштырмалуу, кыйла арзан орнотулат – 490 сомдон. Жыйынтыгы 1-2 саатта даяр болуп, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлөт, — дешти департаменттен.