Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан бардык турак-жайлар мамлекеттин
эсебинен камсыздандырылат. Бул тууралуу тапшырманы Министрлер кабинетинин
төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү кызматтарга берди. Кыргыз-тажик чек арасындагы
кырдаал боюнча өкмөттө өткөн кеңешмеде коомдук коопсуздук, инфраструктураны
калыбына келтирүү жана облустун башка муктаждыктарына зарыл каражаттардын
бөлүнүшүн камсыз кылуу маселелери талкууланды.