Көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү

Көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча орточо эсеп менен өткөн жылдын

декабрына салыштырмалуу кара отун 1 пайызга төмөндөп, тоннасы

5 миң 178 сомду түздү. Ал эми өлкө боюнча минималдуу чекене баалар

Чаек айылында тоннасы – 3 миң сом, Балыкчыда – 3 миң 950 сом жана

Нарында – 4 миң 400 сом. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку

баалар Кара-Сууда тоннасы – 7 миң сом, Баткенде жана

Ноокатта – 7 миң 230 сомдон сатылууда.