Баткен облусунун бир катар шаарларынын тургундары таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун бир катар шаарларынын тургундары таза суу менен камсыз болот. Кеп Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана, Кадамжай жана Айдаркен шаарлары тууралуу болуп жатат.

 

Таза суу өткөрүү долбоорлорун Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Дүйнөлүк банк ишке ашырууда. Донорлор иштерди аткарууга 20 миллион евро бөлүп берди.