Кыргызстанда “Айыл чарбачылыгын каржылоо – 9” долбоору ишке ашырылып баштады

Кыргызстанда “Айыл чарбачылыгын каржылоо – 9” долбоору ишке ашырылып баштады. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

 

Долбоордун алкагында жылдык 6-8-10 пайыз менен дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет. Мөөнөтү багыттала турган тармагына жараша 60  айга чейин жетет. Артыкчылык мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына берилет.