Баткендин 19 айыл аймагынын ар бирине 100 миң долларлык субгрант берилет

Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Каржылоонун алкагында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100 миң долларды түзөт.

 

Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда «CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоору үчүн 21,0 миллион доллар кошумча каржылоо боюнча макулдашылган. Айылдарга жардам ушул макулдашуунун алкагында берилмекчи.

«Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Ошондой эле калктын аяр катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон тобокелдикти азайтууга, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Анын катарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пунктуларына же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга көмөк көрсөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Ага кошумча, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатында жаштарды жана аялдарды колдой тургандыгы айтылды.