Баткен облусунун эң алыскы айылы – Зардалыда интернет пайда болду. Бул тууралуу Kloop агенттигине айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков билдирди.
Анын айтымында, станция мектептин жанына орнотулду. Андан интернет Wi-Fi-тармагы аркылуу таратылат. Ал эми станция күн батареяларынан кубатталат.