Баткен облусунун Кадамжай районунда малинанын баасы кескин кымбаттады

Баткен облусунун Кадамжай районунда малинанын баасы кескин кымбаттады.

Облустук монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,

быйыл биринчи терүүдө малинанын килограммы 130 сомго чейин жетсе, учурда 180 сомго

барабар. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул эле мөөнөттө килограммы

70 сомдон сатылган. Кымбаттоолор түшүмдүн аздыгына байланыштуу. Быйыл Кадамжай

районунда жалпысынан 102 гектар аянтка малина эгилген. Экспорт негизинен

өлкө аймагынан тышкары Россияга да чыгарылат.