Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтына
1 жарым миллион сомдук балаты орнотулууда. Аталган шаардык мэриядан
билдиришкендей, кыш сулуусунун узундугу 12 метрди түзөт. Туурасы
4 жарым метрге жетет. Балаты жандыруу бүгүн кечинде өтөт. Белгилеп
кетсек ордо калаада жаңы жылдык балаты 13-декабрда жандырылды.