Билим берүү министрлиги мектептерде кышкы каникулдарды жылдыруу демилгесин колдобойт

Билим берүү министрлиги мектептерде кышкы каникулдарды жылдыруу демилгесин колдобойт. 24 агенттигине ведомстводон айтып беришкендей, билим берүү процесси дистанциондук режимде дагы окуу планына жана программасына ылайык жүргүзүлөт.

 

Ар бирине эсептелген сааттар каралган. Андыктан, каникулдарды мөөнөтүнөн мурда баштоо мүмкүн эмес. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары окуучуларды 14-декабрдан тарта кышкы эс алууга кетирүүнү сунуштады.