Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп курулууда.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, 375 орундуу билим берүү мекемеси Ново-Вознесеновка айылында жайгашат.

 

Анда окуу корпусу, спорт зал, ашкана жана акты залы каралган. Мектеп жыл аягына чейин ачылат деп пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 1 миллион доллардан ашат. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.