Мектеп олимпиадасы жана башка билим берүү тармагындагы сынактар кийинкиге жылдырылды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай чара коронавирусту алдын алуу максатында кабыл алынды. Бийлик элди көп чогулта турган иш-чаралардан баш тартууга чакырат.
Андан тышкары, жарандарга жеке гигиенаны сактоо сунушталат. Жалпысынан, Кыргызстан аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус жуктургандар жок.