Кыргызстан мектептеринде бүтүрүүчү экзамендердин алгоритми түзүлүүдө. Бул тууралуу кактус.медиа басылмасына Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, окуу жылы дээрлик толугу менен онлайн форматта өткөндүктөн, ата-энелер жана окуучулар быйыл бүтүрүүчү экзамендерди жокко чыгаруу сунушун көтөрүшкөн. Ведомстводон учурда бул суроо каралып жатканын жана адистер тарабынан атайын алгоритмдин бир нече түрү түзүлүп атканын билдиришти.