Маданият—Жалал-Абад жолун оңдоп-түзөө иштери жанданды

Маданият—Жалал-Абад жолун оңдоп-түзөө иштери жанданды.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 67 чакырым жол калыбына келтирилет.

Быйыл Сузак жана Базар-Коргон райондорунун ортосундагы трассанын 20 чакырымына асфальт төшөлөт.

Жолдун калыңдыгы 59 сантиметрге жетет. Планга ылайык, иштер 2022-жылы аякташы керек.

Тилке Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорун аралап өтөт. Жолдон тышкары 5 көпүрө,

базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, тротуар, калктуу түйүндөрдө 165 аялдама курулат.

Долбоорго 51,5 миллион доллар жумшалат. Каражатты Евразия өнүктүрүү банкы бөлүп берди.

Учурда анда 120 жергиликтүү кызматкер иштеп жатат.

Курулуштун алкагында мыйзамсыз салынган 525 объекти көчүрүлөт.