Биринчи Май районунда электр унааларын кубаттоочу эки станция орнотулду

Бишкектин Биринчи Май районунда электр унааларын кубаттоочу эки станция орнотулду.

Мэрия билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу райондук администрация менен бизнес борбордун кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болду.

Муниципалитет автоунаалардан чыккан түтүн экологияга зыян экенин белгилейт.

Салттуу унаалардан электромобилдерге өтүү зыяндуу заттардын көлөмүн бир топ азайтууга алып келет деп күтүлүүдө.

Келечекте мындай май куюучу жайлардын саны көбөйтүлөт.