Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн 7 жаран аныкталды

Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн

7 жаран аныкталды. Ички иштер министрлигинин Россиядагы

өкүлдөрү жарандар мындан тышкары жасалма айдоочулук

күбөлүктөрүн да пайдаланып келишкенин билдиришти.

Аталган документтерди Россиянын аймагында мыйзамсыз

эмгектенип жүргөндөр колдонушкан. Аталган факты кылмыш жана

жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.