Сокулук районундагы эки мектепте коронавирус табылгандыктан окуучулар кайра онлайн окууга өттү

Сокулук районундагы эки мектепте коронавирус табылгандыктан окуучулар кайра онлайн окууга өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сокулуктагы №3 мектеп-лицейинин химия мугалими коронавирус жуктуруп алып ооруканага түшкөн. Балдар 3-18-апрель аралыгында онлайн окушат.

 

Ушул эле райондогу Жаңы-Жер айылындагы орто мектеп дагы 5-апрелден 19-апрелге чейин аралыктан окуу режимине өттү. Себеби окуучу кыздын энеси COVID жуктуруп ооруканада жатканы белгилүү болгон.

Чечимди райондун ыкчам штабы санэпидстанциянын көрсөтмөсү менен чыгарган.